Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:31

Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбеков Эмгек сиңирген артист наамын алышты


Самара Каримова.

Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн «Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыгы 30-августта чыкты.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Ага ылайык, 26 жаштагы ырчы Самара Каримова эмгек сиңирген артист наамын алды. Каримова 28-июлда Оштогу Сулайман-Тоо музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Мындан кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган.

Кыргызстанда Эмгек сиңирген артист наамы эреже боюнча маданиятка бөтөнчө салым кошкондорго берилиши керек. Бул ирет мындай наам алгандардын катарында Каримовадан тышкары эстрада ырчылары Нурайым Азыкбаева, Гүлжигит Сатыбеков, “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын актеру Чыңгыз Мамаев, артист-вокалист Тилек Найманбаев, дирижер Нурматбек Полотов, ырчы Анапия Райымбекова жана башкалар бар. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG