Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:08

Каримова Оштогу музыкалык орто окуу жайдын директору болуп дайындалды


Самара Каримова.

Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке жетекчи кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алган. Бул кабарды ырчы Каримова да ырастап, бүгүн мектептин жамааты менен таанышканын айтты.

27 жаштагы Самара Каримова былтыр "Сулайман-Тоо" музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын пикирине кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган эле. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (55)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG