Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Самара Каримованы Оштогу музыкалык окуу жайынын жамааты кабыл албай жатат


Музыкалык окуу жайында Самара Каримова катышкан жыйын. 14-январь, 2021-жыл - Ош.
Музыкалык окуу жайында Самара Каримова катышкан жыйын. 14-январь, 2021-жыл - Ош.

Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун кызмат ордун соттон утуп алган ырчы Самара Каримованы мугалимдер жамааты кабыл албай жатат.

14-январда окуу жайда Каримова катышкан жыйын болду. Мугалимдер жамааты Самара Каримованын талантын сыйлап, чыгармачылыгын баалаш турганын белгилешти, бирок буга чейин иштеп келген директор Нурлан Каримов ордунда калышы керек экенин айтышты.

Самара Каримова соттун чечими ушундай болгонун айтып, мыйзамдуу кызмат ордуна кайтып келатканын билдирди. Ал 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн коштоосунда келип, иш баштай турганын белгиледи.

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы окуу жайында 93 киши иштейт, 229 студент окуйт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген эле.

Ырчы министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. (MrA)

XS
SM
MD
LG