Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Шоудан чыккан чыр: адеп жана эркиндиктин чеги


Ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев. Коллаж.
Ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев. Коллаж.

«YouTube» порталындагы шоу үчүн Маданият министрлиги эстрада ырчысы Кайрат Примбердиевди «Эмгек сиңирген артист» наамынан ажыратуу жөнүндө сунуш киргизип, ырчы Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарды.

Шоу үчүн наамдан кол жууду

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевдин «YouTube» порталындагы шоу-программасын жосунсуз жорук деп баалап, ырчыга 2011-жылы ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарды.

Ал эми бул шоуга конок катары катышкан Кайрат Примбердиевге 2017-жылы берилген «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамын жокко чыгаруу жөнүндө сунуш президенттик аппаратка жөнөтүлдү.

Ошондой эле эки ырчыны Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо каралып жатат.

Министр Нуржигит Кадырбеков буга чейин эстрада ырчысы Курал Чокоевдин Интернеттеги программасын «адеп-ахлакка туура келбейт» деп сындаган. Кадырбеков ырчыларга чара көрүү жөнүндө чечим кеңешип кабыл алынганын «Азаттыкка» айтып берди:

«Адеп, уят маселеси бар. Коомдук пикирди көрдүңүздөр. Айыл чарбасынын же өндүрүштүн мыкты кызматкери болсо мейли эле. Маданият дегенге ырдап-чордоо эле эмес, жакшы жүрүм-турум да кирет. Жаштар, ата-апалар көрүп жатат. Биздин менталитетке да туура келбейт. Бул ырчыларды жек көргөндөн кабыл алынган чечим эмес. Ишенем, ырчылар тыянак чыгарып, мындан кийин жакшы долбоорлорду даярдашат».

Шоунун автору Курал Чокоев министрликтин мындай кадамына кескин сын менен жооп берди. Чокоев муну сөз эркиндигине, демократияга коюлган чабуул катары баалап, министрлик өз укугунан аша чаап жатат деп эсептейт.

«Мага «маданияттын мыкты кызматкери» деген нерсе эч кандай маани бербейт, - деди ал. - Бул министрликтин жана министрдин компетентсиздиги. Биз дүйнөбий, демократиялык мамлекетте жашайбыз. Мен «YouTube»​ каналымда каалаган нерсемди жасасам болот. Мага элдин пикири маанилүү болгондуктан видеону өчүрүп, долбоорду уланткан жокмун. Бул менин эле эмес, коомчулуктун сөз эркиндигине, демократияга чабуул болду. Арты жакшылыкка алып барбайт. Бүгүн мен, эртең сен болуп калышың мүмкүн».

Ал эми эстрада жылдызы Кайрат Примбердиев комментарий берүүдөн карманып турганын билдирди. Менежери юристтер менен кеңешип жатканын айтты.

Чуу жараткан шоу программа

Чуу жараткан «YouTube» порталындагы «В пи#ду звезду» маанайшат программасында Курал Чокоев жана башка алып баруучулар сөгүнүшөт. Ошондой эле чакырылган конокту да келекелеп, мазакташат.

Жаңы ачылган шоуга Кайрат Примбердиевден сырткары ырчы Кайрат Кыргыз (Салмакеев), тамада Манас Алыкулов катышкан. Январдын башында Интернетке чыга баштаган бул шоу 18 жаштан өйдөкүлөр үчүн экени, уят сөздөр айтылары көрөрмандарга эскертилет.

Коомчулуктагы кызуу талкуудан кийин Чокоев шоуну даярдоодо кемчилик кеткенин билдирип, конокторго алдын-ала программанын шарты түшүндүрүлөрүн, макулдугун алган соң гана даярдаларын айткан.

Ал эми Кайрат Примбердиев бул шоуга каршы чыгып жаткандарга кайрылып, коррупционерлерге, үрөй учурган кылмыштарды жасаган адамдарды актаган сотторго, мыйзамсыз иштерди жаап-жашырган укук коргоо органдарына да ушундай айбат көрсөтүүнү сунуш кылган.

Коомчулук, шоу-бизнес чөйрөсү кыргыз коомундагы адаттан тыш Интернет-шоу боюнча эки жээкке бөлүндү. Бири ырчыларды колдоп, министрди сындаса, айрымдары авторлорду катуу жазалоого чакырып жатышат.

Коомчулуктун сыны жана колдоосу

Белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков Курал Чокоевдин шоусун адеп-ахлакка туура келбейт деген пикирге кошулат. Бирок ал Маданият министрлиги көзөмөл органына айланбашы керек деген пикирде.

Рыскулбеков министрлик жаш муунду Интернеттеги терс видеолордон сакташ үчүн алардын аң-сезимин өстүрүү жаатында иш алып барышы керек деп эсептейт. Алып баруучу ырчыларды колдоо иретинде өзүнө берилген «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынан баш тарта турганын билдирди.


«​Наамдан ажыратып коюу - чечим эмес. Министрлик ошол «YouTube»​ порталына кирген балдарды жаман видеону өчүрүп салгыдай деңгээлге жеткизгендей иштеши керек. Коомчулукка туура келбеген сөгүнүү үчүн наамдан ажыратып жатса, эртең башка укуктан да ажыратабы?»​, - деди Рыскулбеков.

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков да "Инстаграмдагы" баракчасына министрликтин мындай чечимин сындаган пикирин калтырды:


Укук коргоочу Эржан Сулайман ырчылардын ушул сыяктуу берүүлөрү менен адамдардын сырткы келбети жана башка сапаттары үчүн дискриминациялоону нормага айлантпаш керек дейт.

Ал шоу-программада атактуу жылдыздар катышып жаткандыктан, жаштар андагы жүрүм-турумдарды үлгү кылып алышы мүмкүн. Эржан Сулайман министрлик ушул маселеге да көңүл бурушу керек экенин белгиледи:

«Негизги маселе алардын сөгүнгөнүндө эмес. Алардын юмору адамдын ар-намысын басмырлап атат. Алар адамдын ар-намысын басмырлаган тамашаларды нормага айландыра турган болсо, жөнөкөй адамдар башка бирөөнүн боюна, бет түзүлүшүнө, кийимине, кесибине, салмагына байланыштуу шылдыңдайт. Бул коомдо норма болбошу керек. Мисалы, «биз көчөдөгү реалдуулукту көрсөттүк» деп жатышат. Көчөдө көп түкүрүшөт, аны нормага айлантпай токтотууга аракет кылыш керек».

«Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы маданият чөйрөсүндө 15 жыл иштеп, искусствого салым кошкондорго берилет. Ал наамдар өтө оор кылмыш менен соттолгон учурда жоюлат. Ал эми «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси Маданият министрлиги тарабынан берилет.

Курал Чокоев - жаштар арасында белгилүү ырчы.

2016-жылы Кайрат Примбердиев Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлгөн «Голос» («Добуш») долбоорунда үчүнчү орун алган.

Примбердиев 2020-жылы пандемия маалында 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликтин талапкерин колдоп үгүт иштерин катышканы үчүн өкүнөрүн билдирип, элден кечирим сураган. Акыркы учурда социалдык тармактарга саясий позицияларын ачык жазып келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG