Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Мамлекеттик кызматтын баркы кеттиби?


Самара Каримова.
Самара Каримова.

Таанымал ырчынын Оштогу музыкалык орто окуу жайга дайындалып, кайра бир күндөн кийин иштен алынганы мамлекеттик кызматтын барк-баасы боюнча маселени күн тартибине чыгарды.

1-ноябрда Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайга Самара Каримова директор болуп дайындалып, бир күндөн кийин кызматтан алынды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчыны кызматка дайындоо буйругуна статс-катчысы кол койгонун билдирди. Ал кол алдындагы кызматкерге чара көрүүнү суранып, премьер-министрге кат жолдогону белгилүү болду:

- Буйрук чыгарууда мыйзам бузулган. Менин орун басарым Өзбекстанга кетип баратып кол койгон. Бул мага чейин болгон иш. Мен келгенде бардык документтер даяр болуп калган.

Министр өзү Самара Каримованын билими бул кызматка ылайык келбесин белгилеп, кызматка дайындоо жоболорун кайра карап чыгуу зарыл экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарда активдүү, журналисттерге ачык ырчы Самара Каримова кызматтан алынгандан кийин музыкалык окуу жайдын кейиштүү абалына “жүрөгү ооруп жүргөнүн”, аны “гүлдөтүү” ниетине бут тосушканын социалдык баракчаларына жазды.

Самара Каримованын "Фейсбук" баракчасындагы кайрылуусу.
Самара Каримованын "Фейсбук" баракчасындагы кайрылуусу.

Ошол эле маалда ырчыны "окуу жайды жетектебей эле, колдоо көрсөтсө болмок" деп сындагандар жок эмес.

“Азаттык” Самара Каримованын өзүнөн кырдаал тууралуу комментарий алууга бир нече жолу аракет кылды. Бирок андан майнап чыккан жок.

Буга чейин Оштогу маданий мекемелерди жетектеген Асан Мансуровдун аялы, ырчы Самара Каримова 2017-жылы "Сулайман-Тоо" музей комплексине жетекчи болуп дайындалган. Бирок коомчулуктун катуу сынына кабылып, бир күндөн кийин бул кызматтан баш тарткан. Бул окуя мамлекеттик кызмат орундарынын баркы, тааныш-билиштин таасири менен дайындоо көрүнүшүн эске салды.

Комузчу Асылбек Насирдинов маданият тармагындагы мындай башаламандык жалпы өлкөдөгү кадр саясатын аксатат деген пикирде:

- Статс-катчынын Өзбекстанга кетип баратып кол койгону - мыйзамды сыйлабастык. Мамлекеттик кызматта иштеген киши юридикалык нормаларды өтө жакшы билиши керек. Айрыкча кызматка дайындоодо юрист менен кеңешип, мыйзамдуу жагын карап коюшу керек эле.

Буга чейин мамлекеттик гезиттердин бирине журналист Тынчтык Алтымышев баш редактор болуп дайындалган. Бул тууралуу өкмөт башчынын буйругу Интернетке тарагандан көп өтпөй жокко чыгарылган. Алтымышевди дайындаган буйруктун бат эле жокко чыгарылганына өкмөт комментарий берген эмес.

Тынчтык Алтымышев мындай көрүнүш мамлекеттик маанилүү кагаздардын, кызмат орундарынын баркы кеткенинен кабар берет деген пикирде.

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

- Акыркы учурларда ушундай болуп жатат. Бул ишке жоопкерчиликсиз мамилени жасоо дегенди түшүндүрөт. Илгери мамлекеттик кагаз, буйруктарды чыгаруу үчүн бардык жобо аткарылчу. Мамлекеттик кызматкерлер өзүнүн милдетин так аткарган. Азыр карасаң, өкмөттө ар ким эле резюме көтөрүп жүрөт. Бирөө буйрук чыгарса, экинчиси аны жокко чыгарат. Ушул кантип болсун?

Бир катар эксперттер Мамлекеттик кадр кызматы өкмөткө, аймактардагы жергиликтүү бийлик органдарына мыкты адистерди даярдай албай жатат деп сындап келет.

Быйыл жайында президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө башкаруу системасы реформага муктаж экенин айткан. Ошондой эле реформанын негизги максаты - тааныш-билиш аркылуу ишке орношуу көрүнүшүн жоюу экенин баса белгилеген:

- Адилет, натыйжалуу башкаруу гана элдин колдоосуна ээ болот. Ошондуктан жалпы башкаруу системасын реформалоо зарыл. Азыркы учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таӊкыстыгы байкалууда. Квалификациясы жогору адистерди ишке тартуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза конкурс, атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу - бул реформанын негизги максаты. Кадрларды тандоонун эң таасирдүү рычагы - мына ушул залда отургандардын колунда. Кадрдык саясатта - профессионализм башкы сапат. Мыкты адистерди өстүрүп, кадрлардын улуттук резервин түзүү зарыл.

Кыргызстанда жалпысынан 27 миңдей мамлекеттик кызматкер бар. Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров айрым министрликтердеги бири-бирин кайталган, артык баш саналган кызмат орундары жоюларын билдирген. Бирок өкмөттүн аппараты, министрликтерде өзгөрүү болгон эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG