Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Өкмөттүн түзүмүнө жана кадрларга доомат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү өзүнүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү, оптималдаштыруу боюнча сунуштарды белгиленген мөөнөткө даярдап үлгүрбөй калды.

Бул тууралуу 18-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы менен юстиция министри, өкмөттүн аппаратынын башчысы кызматына көрсөтүлгөн талапкерлер талкууланды, аларга суроолор берилди. Өкмөттүн кадрлары боюнча маселе да көтөрүлдү.

Жыйында айрым депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттүн түзүмүн жана курамын оптималдаштыруу боюнча убадасын эске салышты.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Башкы штабды жоюп, Коргоо министрлигин кайра калыбына келтирүү, "Улуттук энергохолдинг" компаниясына байланышкан маселелерди көтөрдү:

- Премьер-министр кызматка киришкенде эле "өкмөттүн түзүмүн өзгөртпөсөк болбойт экен, Коргоо министрлигин Башкы штаб кылып коюп чоң ката кетириптирбиз, азыр сыртка чыкканда, Москвага барганда биздин генералдарды эч ким теңине албай жатат" деп айтты эле. Башкы штаб деген кичинекей эле кеңсе. Чукул кырдаал болгондо, согуш чыкканда күч органдары бириге калса гана ошону Башкы штаб деп коет. Бир адамдын гана кызматы үчүн эле Коргоо министрлигин жоюп, Башкы штаб кылып салышкан. Мына азыр анын жыйынтыгын көрүп жатабыз. "Энергохолдингди" жетектеген Айбек Калиев энергетик эмес, ал парламентке келип отчет бергенден тажап, министрликти холдинг кылып салган. Мындай экспериментти токтоткула. Тез аранын ичинде өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча сунушту алып келбейсиңерби?

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн түзүмү боюнча сунуш убагында даярдалбай калганын мойнуна алды. Ушул тушта атайын жумушчу топ иштеп жатканын, түзүмү, курамы боюнча талаш-тартыштуу жагдайлар бар экенин ырастады:

- Биз азыркы айтылган маселелердин баарын иштеп жатабыз. 15-сентябрга чейин деп айтканбыз, кечигип жатабыз. Эки айга жакын убакыт ичинде түзүм боюнча сунушубузду алып келебиз. Ал жерде сөзсүз түрдө өзгөрүүлөр бар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчилигине Эмил Осмонбетовду, юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловду сунуштады. Өкмөттүн аппарат жетекчисине Шамилбек Асымбековду көрсөттү.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев талапкердин тажрыйбасына кызыкты:

- Бул талапкерлер кимдин сунушу? Премьер-министрдинби, фракциялардынбы же президенттикиби? Ошондо бул жеке премьер-министрдин сунушубу? Мен эртең эле депутаттарды "силер тандаган кадрлар" деп жамандап жүрүшпөсүн деп жатам. Сиздер көрсөткөн талапкердин тажрыйбасы жетиштүү эмес. Же кадрлар түгөндү же дагы башка себептери бар. Айрыкча тоо-кен тармагын башкара турган кызматка объективдүү карасаңар болмок. Кийин, эртең эле "биз билбей калдык" деп чыкпагыла.

Жыйында коалициялык келишимге ылайык, башкаруучу коалицияга кирген фракциялар министрлик, мамлекеттик мекеме-органдарды өз ара бөлүшүп алышканын, ага ылайык Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет "Республика-Ата Журт" фракциясынын энчисине тийгенин эстегендер болду.

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев өкмөттүн аппаратын кагаз иштери боюнча сынга алды.

- Коомчулукта да, мамлекеттик органдарда да негизинен документтер боюнча болуп жатат. Документтер абдан кеч даярдалып жатат. Бир токтом же укуктук ченемдик акт чыгарыш үчүн алты айлап, керек болсо бир жылдап жүрүп калып жатабыз, аябай созулуп жатат дешет.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчилигине көрсөтүлгөн Эмил Осмонбетов 51 жашта, кесиби боюнча геолог, геология-минералогиялык илимдердин кандитаты.

1990-жылдары тоо-кен тармагында майда кызматтарда иштеген. Чүй облустук администрацияда бул тармак боюнча адис болуп турган. Иши 2000-жылдары илгерилей баштаган. Тактап айтканда, Тоо-металлургиялык институтта илимий-окуу борборунун директору, декан болгон. 2008-2012-жылдары "Жерүй" ишканасынын башкы геологу болуп иштеген. Эмил Осмонбетов 2013-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикте кыска убакыт жетекчинин орун басары кызматын аркалап турган. 2016-жылы "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Юстиция министри кызматына сунушталган 39 жаштагы Марат Жаманкулов 2001-жылы Кыргыз-орус славян университетин юриспруденция адистигин аяктагандан кийин эле ишин Юстиция министрлигинде баштап, он жылдай иштеген. Андан кийин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка которулган.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жектеген, коомчулукта ЦАРИИ деген кыскача аталышы менен таанылган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин ресурстарды башкаруу кызматында эксперт болуп турган. 2010-2016-жылдары алгач президенттин, андан кийин өкмөттүн аппаратында эксперт, бөлүм башчылык кызматтарды аркалаган. 2016-жылы Конституциялык палатанын төрагасынын кеңешчиси болуп барган жана бир жылга жетпей аппарат башчылык кызматка көтөрүлгөн.

Өкмөттүн аппаратын жетектегени жаткан Шамилбек Асымбеков Бишкектеги Константин Скрябин атындагы институтту 1986-жылы аяктаган жана өлкө эгемендик алганга чейин совхоздо, Коммунисттик партиянын Ысык-Көлдөгү бөлүмүндө иштеген.

Ал мамлекеттик кызматка 1999-жылы келген жана дароо эле Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Калктын миграциясы департаментинин директору кызматына орношкон. Көп өтпөй эле Эсеп палатасында, Тышкы иштер министрлигинде иштеген. 2007-жылы Жогорку Кеңеште депутаттын кеңешчиси болуп турган.

2010-2011-жылдары Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлү болуп, 2012-2016-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кеңешчи кызматтарда турган.

Асымбеков өкмөттүн аппаратына 2016-жылы келген жана ошол кездеги биринчи вице-премьер-министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси, быйыл май айынан бери өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бул талапкерлерди сунушталган кызматка жактыруу маселесин жалпы жыйынга киргизди.

Өкмөттүн курамы соңку ирет 2016-жылы жайында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өзгөргөн. Анда айрым бир министрликтер, агенттиктер бириктирилип, эки жаңы комитет жана эки жаңы министрлик түзүлгөн. Тактап айтканда, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Транспорт жана жолдор министрлиги менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги пайда болгон.

Өкмөттүн кадрлары көңүлгө толобу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:07 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG