Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Өкмөт өз түзүмүн өзгөртүүгө бел байлады


Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү
Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети 21-июнда өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү сунушун жактырды.

Анда айрым бир министрликтерди, агенттиктерди бириктирип, эки жаңы комитет жана эки жаңы министрлик түзүү сунушталып жатат. Парламенттин комитет жыйынында өкмөттүн түзүмү өзгөргөнү менен сапаты оңолбой жатканы боюнча сын да айтылды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 21-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү тууралуу сунушун негиздеп берди. Анын ынандырышынча, өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба жана электрондук байланыш чөйрөсүндө жигердүү саясат жүргүзүү маалы келди. Азыркы өлкөдөгү экономикалык абал, Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагындагы соңку жагдайлар дүйнөлүк каатчылык ыкчам аракеттерди көрүү үчүн өкмөт түзүмүн өзгөртүү керек:

- Экономикалык өсүшкө жана өлкөнүн бюджетине бир топ кирешелерди алып келген ири тармактарды координациялап, алардын ишмердигин бир ыргакта алып баруу үчүн өнөр жайга, энергетикага жана жер казынасын иштетүүгө өзгөчө көңүл буруу керек болуп жатат. Ушул үч тармактын тең Ички дүң продукцияга кошкон салымы чоң экендиги баарыбызга белгилүү. Демек, бул тармактарды өнүктүрсөк, биз эки жактан утушка ээ болобуз. Бир жагынан экономикабызды өнүктүрөбүз, экинчи жагынан бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө жетишебиз. Азыркы структура менен бул максаттарга жетүү кыйын болуп турат. Өнөр жай саясатына узак убакыттан бери тийиштүү көңүл бурулбай келген. Азыр да мамлекеттин өнөр жай тармагы Экономика министрлигинде экинчи планда калып жатат. Экономика министрлигине жүктөлгөн функциялар абдан көп болуп, ал баарына жетише албай калгандыгын көрүп турабыз.

Өкмөт негизи жаңы эки комитет, эки министрлик түзүүнү сунуштап жатат. Биринчиси - Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети деп аталат. Бул органга Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик кирет жана энергетика чөйрөсүндөгү саясатты жүргүзүү функциясы толугу менен өткөрүлүп берилет.

Экинчиси - Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети болот. Бул комитет Байланыш агенттиги жана өкмөттүн электрондук башкаруу борборунун негизинде түзүлөт. Андан сырткары Транспорт жана жолдор министрлиги менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги негизделет.

Парламенттин комитетинин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жоюлганы жаткан органдардын жетекчилеринин пикирине кызыкты. Баары эле өзгөртүүнү колдойбуз деп жооп бергенин, өз оюн айтпаганын сынга алды:

- Эгерде ушул министрлер ишин эптей албай өкмөт түзүмүн өзгөртүп жатсаңар, анда аларды иштен бошотуңуз да. Алардын ордуна иштегендерди коюңуз. Мына министрлер макулдугун берип коюп отурушат. Кечээ эле керек болгондо кол коюп, керек деп айтышкан. Мен булардын мындай ыкмасын түшүнбөй турам. Токтом кабыл алынып жатса, силер "былк" этпей унчукпай отурасыңар. Анан эле кофе ичкени чыкканда мен каршы болдум эле деп айтасыңар. Ошондуктан азыр эле ачык айтпайсыңарбы. Жер казынасы, байланышты баарын кошуп жатасыңар. Транспорт министрлигинен коммуникация алынып жатат. Бул маселе чийкирээк. Сизди премьер кылып бекитип жатканда, биз депутаттар чыгымдарды кыскартууга баратабыз деп айтканбыз. Сиз болсо кыскартуу ордунда эки жаңы өкмөт мүчөсүн киргизип жатасыз. Негизи өкмөттү кыскартуу керек. Мына үч орун басарыңыз отурат. Ошолор эмне иш кылып жатат?

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмү өзгөрсө кошумча чыгаша болбойт, штат ошол эле бойдон калат деп ишендирди.

Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Дастан Бекешов өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке киргенге байланыштуу айрым органдар бириктирилиши керектигин айтууда:

- Каржы полициясын, Бажы кызматын жана Салык кызматын бириктирүүгө болобу? Себеби, Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери Бажы кызматы айрым учурда Салык кызматынын эле функциясын аткарып калды. Алар Кытайдан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген импортту көзөмөлдөшөт. Ал эми Казакстан, Орусиядан келгенди Салык кызматы көзөмөлдөйт. Бул туура эмес.

“Республика Ата-Журт” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов экс-премьер-министр катары кадр маселеси боюнча сунушун жарыялады:

- Өкмөт түзүмүн ар кандай, беш министрлик же 12 министрлик кылса болот. Бирок эң негизгиси - кадр маселеси. Бүгүнкү күндө парламент сизди колдоп жатат. Президент сизди 100 пайыз колдоп жатат. Сизге чейинки премьерлердин түшүнө да кирбегендей шарт түзүлүп жатат. Эч нерседен коркпой туруп кадр маселесин чечишиңиз керек. Коалиция сунуштайбы же башка партиялар көрсөтөбү, айтор татыктуу адамдарды коюшуңуз керек. Ансыз өкмөттүн ишинин жыйынтыгы болбойт. Өкмөттүн жыйынтыгы болбосо, сизге эле сөз тиет.

Азыр өкмөт 12 министрлик, эки комитет, сегиз агенттик, 11 кызмат жана төрт фонд жана эки инспекциядан куралган. Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү сунушу 22-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмакчы.

XS
SM
MD
LG