Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Өкмөт структурасын өзгөртүү сунушталууда


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке өкмөттүн структурасын өзгөртүү сунушун жөнөттү.

Бул маселе бүгүн өкмөттүн жыйынында талкууланды. Өзгөртүү тууралуу сунуштар быйыл 13-апрелде Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

Алсак, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин базасында Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет түзүү, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функциясын кеңейтүү, Байланыш агенттиги менен Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигин түзүү каралууда.

Ошону менен катар Экономика, транспорт жана байланыш министрликтеринин, Мамкаттоо кызматынын жана Геология, минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын реорганизациялоо жана кыскартуу сунушталууда.

Ал эми Экотехинспекциянын укуктарын кеңейтүү каралып жатат.

Өкмөттөн кабарлашкандай, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кошумча каражатты жана кызмат орундарын ачууну талап кылбайт.

Кыргызстанда 11 министрлик, 2 комитет, 8 агенттик, 11 кызмат жана 6 фонд, инспекция бар. (RK)

XS
SM
MD
LG