Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Ош: карызын бербеген капчыктуулар


Эргешов аттуу адамга таандык "Кара-Алма" саунасынын карызы.
Эргешов аттуу адамга таандык "Кара-Алма" саунасынын карызы.

Ошто коммуналдык кызматтардын акысын төлөбөгөндөрдүн көпчүлүгү көзөмөл органдын кызматкерлери жана таасирдүү адамдар болуп чыгууда.

"Ош электр" ишканасы карызын төлөбөй жаткан азыркы, мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин ысымдарын жарыялады. Ал тизме саясатчылар жана таасирдүү чиновниктерден турат. Аталган ишкананын өкүлү Талгат Алихановдун билдиришинче, мурунку депутат Аскар Салымбековго таандык “Дордойдун” Өзгөндөгү филиалы электр акысын төлөбөгөндөрдүн көч башында турат.

- Быйыл 11 айдын жыйынтыгы боюнча калктын 97,3% электр энергиясына карызын төлөштү. Калган 2,7% көп жылдык карыздар түзөт. Алардын арасында Өзгөн районундагы “Дордой” базарынын филиалы бар. 143 миң сомдук карызы төлөнбөй турат.

Мындан сырткары жаккан электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдүн катарына Оштогу “Кара-Алма” жана “Ынтымак” сауналары кирген. Бул эки саунанын карызы жалпысынан 400 миң сомду чапчыйт. Алардын кожоюну Ош Улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров экени айтылып жүрөт.

Асан Мансуров
Асан Мансуров

Бирок президент Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун тууганы деп айтылып жүргөн Асан Мансуров “Кара-Алма” саунасына ээлик кылбай калганын айтты:

- Ал жер мага карабайт. Анын азыр кимдики экенин мен билбейм. Иним бирөөлөргө сатса керек...

Мындан тышкары Ошто көпчүлүк чиновниктер коммуналдык кызмат акыларын төлөгүсү келбегени маалым болду. Маселен, "Ош тазалык" ишканасына карыз болгондор негизинен милиция, каржы полициясы сыяктуу көзөмөл органынын кызматкерлери. Бул тууралуу "Ош тазалык" ишканасынын юристи Дастан Мамытов мындай деди:

- Милициянын, каржы полициясы сыяктуу көзөмөл органдарынын кызматкерлери арасында таштанды акысын төлөбөгөндөр көп. Барсаң үйүнөн кууп чыгышат, киргизбейт. Акчаны дооласаң, "билгениңди кыл" дешет. Ээлеген кызматын айтып коркутушат. Иштен айдатып салам дешет.

Адистердин айтымында, саясатчылардын коммуналдык кызматтарга акча төлөбөй жатканына мекеме жетекчилери да айыптуу. Серепчи Төлөгөн Келдибаев карызды өз убагында доолабаган жетекчилерди шалаакылыгы үчүн жазалоо керек деген ойдо.

Ош шаары
Ош шаары

- Карызды ким ошончого чейин жеткирип жатат? Эмне үчүн карыздын 500-600 миң сом болгонго чейин чара көрбөй карап отурушат? Бул боюнча тийиштүү адистерди, бөлүм башчы жана юристтерди, жетекчисин баш кылып жазалоо керек. Анткени кайсы бир чиновникке кошомат кылам деп, анын кылмышына көз жуумп, мекемени артка тартуу шалаакылык да. Шалаакылык боюнча жазага тартылуу гана керек, ошондо адилеттүүлүк орнойт.

Ош электр ишканасы карызы көп чиновниктерди коомчулукка ачык жарыялагандан тарта апасы жаккан свет үчүн Жантөрө Сатыбалдиев 160 миң сом, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 20 миң сом, мурдагы депутат, азыр БШК менен соттошуп жаткан Жыргалбек Саматов 100 миң сом карызын жакында эле төккөн. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаева 600 миң сом төлөп, карыздын туундусу болгон 101 миң сомду төлөбөй сот аркылуу кечтирүүнү көздөөдө.

Учурда элдин "Ош электрого" 446 миллион, "Ош тазалык" ишканасына 53 миллион, Ош таза суу ишканасына 22 миллион карызы бар.

Коомчулук жана жарандык активисттер колунда бар аткаминерлер арасында узак убактан бери карызын төлөбөгөндөр же мыйзамсыз колдонгондор арбын экенин сындап келишет. Мындан эки жыл мурда электр акысынан качкандарды тартып жүргөн КТРК журналисттери сабалган.

XS
SM
MD
LG