Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Батыш өлкөлөрү Кремлдин каршылашы Навальныйдын кармалышын кескин сындашты


«Шереметьево» аба майданында орус коопсуздук күчтөрү Алексей Навальныйды кармап кетүүнүн алдында. Москва. 2021-жылдын 17-январы.
«Шереметьево» аба майданында орус коопсуздук күчтөрү Алексей Навальныйды кармап кетүүнүн алдында. Москва. 2021-жылдын 17-январы.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный былтыркы августтагы Сибирдеги уулануудан айыккан соң, Германиядан Москвага кайтып келген чагында Орусиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалышы дароо Кремлге карата нааразылык менен ачуу сын-пикирлерди жаратты. Навальный түшкөн учак 17-январда кечкурун «Шереметьево» аба майданына кондурулган жана оппозициячы саясатчы тез арада тартип сактоо күчтөрү тарабынан кармалган.

Орус бийлигинин бул кадамына карата нааразы болгон билдирүүлөр дароо эле тарады. Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Кремлди сындап жүргөн 44 жаштагы саясатчынын кармалышын «жол берилбей турган жорук» катары сындап, аны тез арада бошотууну талап кылды. Брюсселде Евробиримдиктин өкмөттөрүн багыттаган Мишел мырза «Твиттердеги» барагында: «Мен орус бийлигин аны тезинен бошотууга чакырам», – деп жазды.

Ал эми Балтика өлкөлөрүнүн – Литванын, Латвиянын жана Эстониянын жетекчилери саясатчы Навальныйдын кармалганы тууралуу жаңылыкка карата биргелешкен билдирүүсүндө расмий Москвага каршы «чектөө чараларын көрүүгө» чакырышты.

Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис «Твиттердеги» барагында Навальныйдын «орус бийлиги тарабынан кармалышы таптакыр жол берилбейт» жана «Биз анын токтоосуз бошотулушун талап кылабыз» деп жазды. «(Евробиримдик) тез арада иш-аракетке өтүшү керек жана эгерде ал бошотулбаса, анда биз бул ачыктан-ачык жасалган аракетке байланыштуу чектөө чараларын көрүүнү карашыбыз керек», деп кошумчалады Ландсбергис.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки да «Твиттердеги» барагында эгерде Навальный бошотулбаса, анда «Евробиримдиктин деңгээлинде ыкчам жана так жооп кайтарууга» чакырды.

АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин 20-январда кызматка киришүүгө камынып жаткан администрациясынын өкүлдөрү да Навальныйдын тез арада бошотулушун талап кылышты жана «анын өмүрүнө кыжыр кайнаткан кол салуу далалатын жасагандар жоопко тартылууга тийиш» деп билдирди.

Маселен, Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп дайындалганы жаткан Жейк Салливан расмий Кремлди саясатчы Навальныйды дароо боштондукка чыгарууга чакырды. Өзүнүн «Твиттердеги» барагында ал «Навальныйга каршы чабуул тек гана адам укуктарын бузуу болуп чектелбейт. Бул өз үнүн угузууну эңсеген орусиялыктарды мазактоого тете», деп жазды.

Навальныйды бошотууга сенатор Берни Сандерс да чакырды. «Кимде-ким өз өлкөсүндөгү демократиянын салтанатына салым кошсо жана жемкорлукка каршы күрөшсө, анда ага Кошмо Штаттар тилектештик билдирүүгө тийиш», деп Сандерс 17-январда «Твиттерде» жарыялаган сөзүндө баса белгиледи. (TT)

XS
SM
MD
LG