Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бишкек-Исфана авиакаттамы жанданды


Исхак Разаковдун аты берилген Исфана аэропорту 1974-жылы курулган.
Исхак Разаковдун аты берилген Исфана аэропорту 1974-жылы курулган.

2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу карантин киргизилгенден бери токтоп турган Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы 18-январдан тартып жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун сайтында кабарланды.

Сайттагы маалыматка таянсак, каттамдарды жумасына бир жолу дүйшөмбүдө «Тез Жет» авиакомпаниясы жүргүзөт. Бишкектен учак саат 11:00дө, Исфанадан кайра Бишкекке 14:20да учат.

Карантинде ички жана сырткы каттамдар токтотулуп, кийинчерээк Бишкек-Ош багыты жанданган. Жалал-Абадга, Баткенге такай каттамдар толук жолго коюла элек.

Бишкек-Исфана-Бишкек багыты Кыргызстандагы эң пайдалуу ички каттамы катары сыпатталат. Ал аркылуу Тажикстандын Согди облусунун тургундары Бишкекке, андан ары Орусияга жана башка чет мамлекеттерге катташкан. Кийинчерээк Бишкек-Исфана авиакаттамы бир канча жолу токтоп, кайра ачылып турган.

Исхак Разаковдун аты коюлган Исфана аэропорту 1974-жылы курулган жана салмагы 22 тоннага чейинки учактарды күндүз гана тейлөөгө ылайыкташтырылган. Бишкектен ал жакка учуу убактысы – бир сааттын тегерегинде, аралыгы – 545 чакырым. (TSh)

XS
SM
MD
LG