Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Бишкекте кичи автобустардын айдоочуларына эскертүү берилди


Бишкектеги кичи автобустар
Бишкектеги кичи автобустар

Бишкек шаарынын жүргүнчү ташуучуларына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлүп, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураса, мэрия жеке компаниялар менен кызматташууну кайрадан карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Бул тууралуу 17-январда шаардык милиция кабарлады.

Башкармалыктын басма сөз кызматы белгилегендей, аларга «кичи автобустардын айдоочуларынын арасында иш таштоо жана нааразылык акцияларын уюштуруу боюнча чагымчыл чакырыктар жайылып жатат»,- деген маалымат түшкөн.

"Бишкек шаарынын социалдык абалын туруксуздаштыруунун ыктымалдуу көрүнүштөрүндө мыйзам бузуу белгилери бар", - деп белгилеген милиция кичи автобустардын айдоочуларын айрым кызыкдар адамдардын жана чагымчыл ушактардын курмандыгы болуп калбоого үндөдү.

Буга чейин Бишкек мэриясында кичи автобустарда жол акысын көтөрүү маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу айдоочулар жол акысын 15 сомго көтөрүүнү суранышкан. Вице-мэр Азиз Алымкулов бул маселе этап-этабы менен чечилиши керектигин белгилеген.

Бишкекте муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси 10 сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG