Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

"Stellantis" автоконцерни сатуу көлөмү жагынан төртүнчү орунда болуп калды


"Maserati MC20" - люкс классындагы италиялык спорт унаасы (архив: сентябрь 2020)

Франциянын автомобиль өндүрүүчү PSA компаниясы менен америкалык-италиялык "Fiat Chrysler" автоунаа өндүрүүчү компаниясынын ортосундагы биригүү келишими 16-январда күчүнө кирди.

Жаңы дүйнөлүк гигант - "Stellantis" акцияларынын соодасы Париж жана Милан биржаларында 18-январда, ал эми Нью-Йорктун фондулук биржаларында 19-январда башталат.

"Deutsche Welle" биригүү чечими эки унаа өндүрүүчүнүн акционерлеринин көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынганын белгилейт.

Биригүүнүн натыйжасында 400 миң кызматкери бар "Stellantis" сатуу көлөмү боюнча дүйнөдө "Volkswagen", "Toyota" жана "General Motors" компанияларынан кийинки төртүнчү орунда турат.

XS
SM
MD
LG