Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү


Төкмө акын Элмирбек Иманалиев (1978 - 2020).
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев (1978 - 2020).

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси 17-январда анын туулган күнүнө арналып өткөрүлдү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониядагы кечени акындын «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери уюштурду.

Концертке белгилүү ырчылар, акындар жана маркумдун жакындары катышып, анын ырлары ырдалып, чыгармалары көркөм окулду.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Кыргызстан эле эмес, бүткүл Борбор Азияга таланттуу төкмө акын катары таанылган Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында күтүүсүз кайтыш болгон. Акын көп жылдан бери кант диабетинен жабыркап келгени айтылган.

Жакында эле Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүүсүндө жазып жүргөн ырлары «Аманат» аттуу жыйнакка, элге берип жүргөн баталары «Ак таңдагы ак бата» аттуу чакан китепке топтоштурулуп, үй-бүлөсүнүн каржылоосунда жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG