Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Ош шаарында 20 айдоочу мас абалында кармалды


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, өткөн апта ичинде алкоголдук ичимдик ичип алып, автоунаа айдап жүргөн 20 айдоочу кармалган. Алардын баарына тиешелүү айып салынып, машинелери айып токтотмого киргизилген.

Басма сөз кызматы ошондой эле атайын рейддин алкагында жашы жете элек болсо да, иштеп жүргөн балдар аныкталып, ата-энелерине эскертүү берилгенин кабарлады:

«Бүгүнкү оор кырдаалга шылтоо кылып, балдарын соодага, машина жуучу жайларга, эӊ жаман жери - тилемчиликке чыгарып коюшкан ата-энелерге эскертүүлөр берилди».

Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын (ЖККБ) маалыматы боюнча, былтыр 5 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Андан 596 адам каза болуп, 7289 адам түрдүү жаракат алды. Бул көрсөткүч былтыркыдан 9,8% аз.

ЖКККБнын маалыматына ылайык, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү - мас абалында автоунаа айдагандын кесепети. (ZKo)

XS
SM
MD
LG