Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Финполдун жетекчиси Жапыкеев өзүнө айтылган сынга жооп берди


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактардагы «кызмат абалынан пайдаланып, акча талап кылып жатат» деген дооматтарды четке какты. Жапыкеев буга байланыштуу «Фейсбуктагы» баракчасында видео кайрылуу жасады.

«Мегакомдун» жетекчиси Сыймыкка «Айфон» бериптир деп жатышат. Андай болгон эмес. Убагында бийликке алданган эмесмин, бир «Айфонго» алданбайм. «Сыймык ичип-жеп жатыптыр» дегендер - болбогон сөз. Кимди кыйнап, кимди «акча бер» деп жатсам - ачык айтсын», - деди Жапыкеев.

Мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев 6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Финансы полициясына барган.

Жапыкеев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Интернетте бийликти кескин сындап белгилүү болгон. Ал 2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого оппозициялык «Чоң казат» партиясын жетектеп барган. (TSh)

XS
SM
MD
LG