Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

УКМК Мелис Аспековдун Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергенин төгүндөдү


Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 18-январда маалымат таратты.

Анда активист Мелис Аспековдун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени «фейк» экени айтылган. Мекеме атайы жалган маалымат тараткандар мыйзамга ылайык кылмыш жообуна тартыларын эскерткен.

Буга чейин Интернеттеги социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Аспековдун Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу кабар тараган.

Активист Аспеков учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин камакта калтырган.

Атайын кызмат жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгонун билдирген.

Кылмышка шектүүлөр жана алардын тарапкерлери айыптар боюнча пикирин билдире элек.

Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын буга чейин жарыялаган. Жапаров өзү 10-январда добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна Аспеков өзүнүн шайлоо штабында иштебей турганын айтып жооп кайтарган.

Мелис Аспеков Садыр Жапаровду былтыр 6-октябрга караган түнү тарапташтары түрмөдөн бошотуп алгандан кийин анын жанында жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган.

10-январда Садыр Жапаровдун көп добуш алышы менен аяктаган шайлоо жараянында, үгүт маалында аны колдоп келген. (NT)

XS
SM
MD
LG