Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Орус оппозиционери Навальныйга адвокаттары жолуга элек


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

17-январда Германиядан дарылануудан кайтып келген соң Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кармалган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга адвокаттары кире албай жатат. Бул тууралуу саясатчынын адвокаттары айтып чыгышты. Ага чейин Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов жана оппозиционердин басма сөз катчысы Кира Ярмыш Навальный Москванын четиндеги Химки шаарындагы милиция бөлүмүндө кармалып турганын жазышкан. Алар саясатчыга адвокаттарды киргизбей жатканын кошумчалашкан.

АКШнын, Германиянын, Британиянын, Европа Биримдигинин, Канаданын бийлик өкүлдөрү, бир нече эл аралык уюм Алексей Навальныйдын кармалышын сынга алышты.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас 18-декабрдагы билдирүүсүндө орус бийлигин оппозиционерди бошотууга чакырды.

«Орусия өз Баш мыйзамына, эл аралык милдеттенмелерге ылайык мыйзамдын үстөмдүгүн жана адам укуктарын сакташы керек. Бул принциптер сөзсүз түрдө Навальныйга карата иштеши керек. Ал тезинен бошотулушу керек», деп айтылат Германиянын башкы дипломатынын билдирүүсүндө.

Ушул эле күнү Британия да Орусияны Алексей Навальныйды бошотууга чакырып, Москва буга чейинки анын ууландырылышы боюнча түшүндүрмө бериши керек экенин эске салды. Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб «Твиттердеги» баракчасына: «Абийирсиз кылмыштын курмандыгы болгон Алексей Навальныйды орус бийлиги кармаганы үрөй учурат. Ал дароо бошотулушу керек», деп жазды.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиянын Навальныйды кармоо боюнча чечимин Кошмо Штаттар «чечкиндүү түрдө айыптай» турганын билдирди. 17-январда таратылган анын билдирүүсүндө: «Биз анын кармалышын Навальный жана башка орус бийлигин сындаган оппозициянын өкүлдөрүнүн, көз каранды эмес адамдардын оозун басуу боюнча аракеттердин уландысы катары абдан тынчсыздануу менен белгилейбиз», деп айтылат.

Ага чейин шайланган президент Жо Байдендин администрациясы да оппозиционерди бошотууну талап кылган. Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп дайындалганы жаткан Жейк Салливан расмий Кремлди саясатчы Навальныйды дароо боштондукка чыгарууга чакырды. Өзүнүн «Твиттердеги» барагында ал «Навальныйга каршы чабуул тек гана адам укуктарын бузуу болуп чектелбейт. Бул өз үнүн угузууну эңсеген орусиялыктарды мазактоого тете», деп жазды.

Ал эми Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Кремлди сындап жүргөн 44 жаштагы саясатчынын кармалышын «жол берилбей турган жорук» катары сындап, аны тез арада бошотууну талап кылды. Брюсселде Евробиримдиктин өкмөттөрүн багыттаган Мишел мырза «Твиттердеги» барагында: «Мен орус бийлигин аны тезинен бошотууга чакырам», деп жазды.

Ошондой эле Балтика жээгиндеги Эстония, Литва жана Латвия биргелешкен билдирүү таратып, акыркы окуяга байланыштуу орус бийлигине карата чектөөлөрдү киргизүүгө башка өнөктөштөрүн үндөдү.

Учурда Литвада баш калкалап жүргөн Беларус оппозициянын лидери Светлана Тихановская Навальныйдын кармалышын «Орусиянын саясий альтернативадан ажыратуу үчүн коркунучтуу кадам» деп атап, бул аракет Орусия элинин кызыкчылыгына жооп бербей турганын белгиледи.

Ал ошондой эле «Беларус саясий оппоненттерге карата дал ушундай мамиле кылуунун кесепетин көрүп жатат», деп кошумчалады.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага келип «Шереметьево» аэропортуна конгон учурда дароо кармалды. Ал былтыр августта Орусияда ууландандырылган соң Германияда дарыланып, мекенине кайтууну чечкен. Ал түшкөн орусиялык «Победа» авиакомпаниясынын учагы Москвадагы «Внуково» аэропортуна конмок. Бирок аталган жайга оппозиционердин тарапташтары, журналисттер чогулган соң күтүүсүздөн «Шереметьево» аэропортуна конду.

Навальный аэропортто журналисттерге кыска билдирүү жасап, мекенине кайткан үчүн өзү бактылуу сезип жатканын билдирген. Ал ошондой эле өзүн камоо аракетинен коркпой турганын кошумчалаган.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастады. Өткөн аптада аталган мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыяланган эле.

XS
SM
MD
LG