Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Өзбекстанда бала сатуу токтой элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акыркы үч жылда өлкөдө бала сатуу боюнча 185 факты аныкталган.

7-январда Самарканд облусунун Каттакурган районунда эки жаштагы наристесин 2,5 миң долларга сатууга аракет кылып жаткан жеринен өзбекстандык келин кармалган.

"Daryo.uz" интернет басылмасы билдиргендей, Кадан районунда жашаган 26 жаштагы келин уулун сатууга аракет кылган. Райондук милиция кызматкерлери келинди баласын 1,5 миң долларга берип жаткан жеринен колго түшүрүп, ага кылмыш иши козголгон.

"Daryo.uz" интернет басылмасынын сүрөтү.
"Daryo.uz" интернет басылмасынын сүрөтү.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Тергөө башкармалыгынын өкүлү Наргиза Хожибоева 2017-2020-жылдар аралыгында өлкөдө 185 бала сатуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын айтымында, жакырчылык, никеге турбай төрөгөн келиндер, баласыз үй-бүлөлөрдүн наристелүү болуу аракети жана бекем укуктук базанын жоктугу ымыркайларды сатууга түрткү болуп жатат.

Бирок өзбекстандык юристтер Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн "мыйзамдык база жок" деген сөзүнө кошулбайт. Алардын бири, адвокат Рухиддин Камилов буга чейин бала сатуу боюнча бир канча соттук жараянга катышкан.

"Мен бала сатууга ортомчу болгон адам Өзбекстандын Жаза кодексинин 135-беренеси "Адам сатуу" боюнча алты жылга эркинен ажыратылганына күбө болгом. Баланын энеси да алты жылга шарттуу кесилген. Ортомчу төрт жыл гана абакта отуруп, кутулуп чыккан".

Адвокаттын айтымында, көпчүлүк учурда энелер жаңы төрөлгөн балдарды сатууда пассивдүү ролду ойношот. Негизги бизнести, башкача айтканда, кылмышты ортомчулар жасашат. Андыктан адвокат мындай кылмышты жасаган жарандарга өзбек мыйзамдары бөгөт коё албайт деген пикирлерге кошулбайт.

"Өзбекстандын Жаза кодексинде адам сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган 135-берене бар. Бул беренеде чындыгында "жаңы төрөлгөн баланы сатуу" деген так сүйлөм жок. Бирок ал сөзсүз керек эмес. Анткени беренеде "18 жашка толо электер" деп жазылганы жетиштүү. Мыйзамдар катаал деп айтсак болот. Алардын сакталышы жана аткарылышы гана аксап жатат".


Ал эми адистер белгилегендей, Өзбекстандагы балдар үйлөрүндө тарбияланган ымыркайлардын 20 миңден ашыгы, башкача айтканда 70% тубаса майып балдар. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттери Ташкенттеги балдар үйүнүн биринин кызматкерлери менен жашыруун маектешкен. Алар балдар үйүндө 58 ымыркай чоңоюп жатканын, алардын бири «сатылып кеткен» наристе экенин айтып беришкен.

"Азыр бул баланы ата-энесине кайтарып берүү маселеси каралып жатат. Анын ата-энеси да балдар үйүндө тарбияланганы белгилүү болду. Андан тышкары бул үй-бүлөдө эки бала бар болгонун, энеси кош бойлуу экенин билдик. Учурда сот жараяны уланууда. Эгерде соттун чечими чыкса, биздеги наристе үй-бүлөсүнө кайтарылат".

Кызматкерлер балдар үйүндөгү 58 наристенин 32си майып экенин айтып берди.

"Майып төрөлгөн ымыркайларды энелери төрөтканада же кийин балдар үйүнө таштап кетишет. Негизинен Даун синдрому, церебралдык шал оорусу бар же гидроцефалия менен жабыркаган балдар", - деди атын жашырган кызматкерлердин бири.

Ал ошондой эле балдарды асырап алуу үчүн 600гө жакын үй-бүлө кезекте турганын, бирок алардын бири да майып наристени асырап алууну каалабаганын кошумчалады.

"Майып балдарды асырап алышса кандай жакшы болмок, бирок аларды эч ким алгысы келбейт. Түгөйлөр балдарды тандашат. Алар дени сак балдарды гана карашат. Баланын акыл-эсине, мусулман үй-бүлөдөн чыкканына жана музыкалык жөндөмүнө көңүл бурушат. Кээде түз эле "бала ооруган эмес жана кийин да оорубайт" деп жазып берүүнү талап кылышат".


Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Наргиза Хожибоева дагы бир фактыны – никеси жок аялдар төрөгөндө аны үй-бүлөсүнөн жашыруу үчүн ымыркайларды сатуу көбөйгөнүн белгилеген. Бирок “Марифат” гезитинин кабарчысы Шарифа Мурод соңку кезде бул фактор өз актуалдуулугун жоготконун айтат.

"Азыр көпчүлүк кыз-келиндер намыстан анчалык коркушпайт. Бирок алар каржылык жактан кооптонуп, баланы жалгыз багуудан коркушат. Андыктан никеге турбай кош бойлуу болуп калган келиндер боюнан алдырышат же баланы сатууга аргасыз болушат. Өткөн айда биздин аймакта да бала сатуу боюнча кылмыш иши козголгон. Төрөгөн эне баланы бага албай калам деп коркуп, аны сатууну чечкен".

Ушундай эле пикирди Ташкентте өткөн басма сөз жыйынында Өзбекстандын Үй-бүлөнү колдоо министрлигинин өкүлү Угилой Урозова да билдирген. Анын айтымында, мындай кылмышка барган аялдардын көпчүлүгү жашоо шарттын начардыгынан улам социалдык колдоого жана психологиялык жардамга муктаж болгондор.

Ал эми Өзбекстанда ата-энелер балдарын саткан учурлар маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылып турат. Ошол эле учурда алар сураган баа көбүнчө 1000 доллардан ашпайт. Буга чейин Өзбекстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу боюнча төрөткананын кызматкерлери да кармалган учурлар болгон.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG