Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Коронавирус дагы 69 адамга жукту, үч бейтап көз жумду


Коронавирус менен ооругандар үчүн бейтапкана. Кыргызстан. Август, 2020-жыл.
Коронавирус менен ооругандар үчүн бейтапкана. Кыргызстан. Август, 2020-жыл.

18-январга карата Кыргызстанда дагы 69 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83 178 адамга жетти. Жалпы ооругандардын ичинен 79 104 адам сакайды. Соңку бир күндө 110 киши сакайып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда 2020-жылы 18-мартта үч адамдан аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун расмий эсеби 1387 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында – 28;
  • Ош шаарында - 7;
  • Чүй облусунда - 11;
  • Ысык-Көл облусунда – 19;
  • Ош облусунда - 1;
  • Жалал-Абад облусунда - 3 киши.
  • Талас, Нарын, Баткен облустарында бул суткада коронавирус жуккан адам катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына караганда 18-январда 967 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 40 адамдын абалы өтө оор, 244ү оор, 499 орто оор абалда, жети адамдын гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 18-январда 94,4 миллиондон ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 8 миңден көп. Ооруга кабылгандардын саны жагынан АКШ 1-орунда. Андан кийин Индия, 3-орунда Бразилия турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG