Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Ашраф Гани талибдерди ок атышууну биротоло токтотууга чакырды


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооган президенти Ашраф Гани 17-январда "террорчулук, кылмыштуулук жана сес көрсөтүү" өлкөдө маселени чечпестигин эскертип, өлкөдөгү талиптер кыймылына ок атышууну биротоло токтотуу чакырыгына көнүүнү сунуштады. Президенттин соңку кайрылуусу Кабулда жоочулар Жогорку соттун эки аял судьясын өлтүрүп кеткенден кийин жарыяланды.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Ахмад Фахим Кавимдин маалыматына караганда, сотторго 17-январда таң эрте машина менен жумушуна келатканда чабуул коюлган. Сульялардын айдоочусу жарадар болду.

Шаар полициясы кандуу окуяны иликтей баштады. Кол салууну ким уюштурганы белгисиз. Бул өлкөдө кийинки айларда мамлекеттик кызматкерлерди, журналисттерди, дин ишмерлерин, саясатчыларды жана укук коргоочуларды бутага алып, кол салган учурлар көбөйдү.

Ооганстандын жана АКШнын расмий өкүлдөрү ири шаарлардагы чабуулдар үчүн талиптердин куралдуу кыймылын айыптап келет.

АКШ 15-январда Ооганстандан 2 миң аскерин алып кетерин, натыйжада 2,5 миңдей гана жоокер калаарын билдирген.

Өткөн жылдын сентябрь айында 20 жылга чукулдаган согушту токтотуу боюнча ооган өкмөтү менен талибдер Катарда көзмө-көз сүйлөшүү баштаган. Тараптар согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү баштаганы менен Ооганстанда куралдуу кагылыш, кол салуу, чабуул тыйылган жок. Өлкөдөгү айрым кол салуулар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террорчу уюму өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG