Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Сегиз добушканадагы шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп табылды


Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана референдум учурунда добуштарды саноо. 2020-жыл.
Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана референдум учурунда добуштарды саноо. 2020-жыл.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 18-январда билдиргендей, бир катар добушканаларда президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгы жараксыз деп табылды.

Алар: Ош шаарындагы №5901, Кара-Суу районундагы №5584, Нарын шаарындагы №4064, Кадамжай районундагы №8113 добушканалардагы референдумдун, Араван районундагы №5493, Лейлектеги №8004, Кадамжайдагы №8116 тилкелерде президенттик шайлоонун жана референдумдун, Нарындагы №4037 добушканасында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Мындай чечимге добуш берүү, добуштарды саноо, жыйынтык чыгаруу убагындагы эреже бузуу себеп болгону айтылды.

Баштапкы жыйынтыкка караганда, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров жараянга катышкандардын 79% ашык добушун алды.

Адахан Мадумаров, Курсан Асанов өңдүү бир катар талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына макул эмес экенин билдиришкен. Бир катар талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын укуктук негизде талаша турганын, дагы бир бөлүгү Жапаровдун жеңишин тааный турганын жарыялашты.

Бул ирет шайлоо менен референдумга шайлоочулардын 39% ашыгы гана катышты.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, референдумда шайлоого келгендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Боршайком шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарыларын маалымдаган. Бардык бюллетендер 17-январга карата эсептелип бүттү. (NT)

XS
SM
MD
LG