Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Прокуратура Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынан 5,2 млн. сомдук коррупцияны аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жетекчилери мамлекетке 5 млн. 250 миң сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы маалымдады. Маалыматка ылайык, алар муну бухгалтериялык документтерди жасалмалоо менен ишке ашырышкан.

Бул факт Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү («Ишенип тапшырылган каражатты менчиктөө же мыйзамсыз коротуу») менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындан тышкары аталган ишкананы текшерүү учурунда жетекчилик автоунаалардын тетиктерин сатып алууда мамлекетке зыян алып келген келишим түзүшкөнү аныкталган.

«Тендер учурунда бардык талаптарга жооп берген тараптардын сунушу четке кагылып, автобустарга тетик сатып алыш үчүн жалпы суммасы 7 278 500 сомдук келишим түзүлгөн. Муну менен мамлекетке 1 285 958 сом зыян келтирилген. Бул факт да Жазык кодексинин 322-беренесинин 2-бөлүгү («Пайдасыз келишим түзүү») менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталган», деп айтылат маалыматта.

Ишкананын өкүлдөрү Башкы прокуратуранын маалыматына комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекет тарткан зыяндын көлөмү 10 млрд. 424 млн. 379 миң сомго жетти.

Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 410у «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу» жана 35и «Коррупция» беренелери менен козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG