Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Башкы прокуратура активист Бакай Кашкарбаевге кылмыш ишин козгоду


Бакай Кашкарбаев.
Бакай Кашкарбаев.

Башкы прокуратура президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаровдун тарапташы Бакай Кашкарбаевге карата кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 18-январда «Азаттыкка» ырастады.

Бул аракетке Кашкарбаевдин социалдык тармактагы баракчасына бийлик өкүлүн коркутканы же ага карата зомбулук көрсөткөнү чагылдырылган видеотасмалардын жарыяланганы негиз болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматында «2020-жылдын 15-17-ноябрында «Facebook» социалдык тармагында Бакай Кашкарбаев белгисиз кишилердин тобу менен Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүм башчысына карата коркутуу жана зомбулук көрсөтүү туурасында видео билдирүүлөрдү жасап, анда ал жалпы элди көтөрүлүүгө, прокуратура кызматкеринин башын кесүүгө, жанчууга, тиштерин талкалоого жана көздөрүн чукууга чакырганы жарыяланган» деп айтылат.

Ошондой эле маалыматта 16-ноябрда Кашкарбаевдин Ысык-Көл райондук сотунун төрайымынын иш бөлмөсүнө жалпы эрежелерди бузуу менен кирип барганы, атайылап чагым кылып, соттук приставдар менен кайым айтышып, судья Т. Жумаев менен жолугушууну талап кылып жатканы чагылдырылган видеотасманы социалдык тармакка жүктөгөнү жазылган.

Маалыматта ошондой эле Кашкарбаев былтыр 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык административдик сотунда жалпы тартип бузуу жоруктарын уланткан видео билдирүүнү таратып, анда ачык түрдө Ысык-Көл облустук сотунун судьясы А. Апышевди жана облустук прокуратуранын бөлүм башчысы А. Нышановду коркутканы кошумчаланган.

Башкы прокуратура Бакай Кашкарбаевдин ушул аракеттери 2020-жылдын 25-ноябрында Жазык кодексинин 355-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде бирдиктүү реестрге катталып, тергөө уланып жатканын маалымдады.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Бакай Кашкарбаевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Кашкарбаев өзүн «Элдик көзөмөл» деп аталган кыймылдын башчысы жана талапкер Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы катары көрсөтүп келет. Ал буга чейин Жапаровду колдогон митингдерге активдүү катышканы белгилүү.

Социалдык тармактарда саясатчынын дарегине айтылган сын-пикирлерге да катуу жооп кайтарып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG