Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

ИИМ: Насирбек Алмаматов Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат жок


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов чек арадан Кыргызстанга өткөнү тууралуу расмий маалымат жок. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү «Азаттыкка» маалымдады. Маалыматка ылайык, Алмаматовго издөө жарыяланган, учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Айрым маалымат каражаттары автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов өлкөгө кайтып келип, ээн-эркин жүргөндүгү тууралуу жазды.

«Коррупциялык схема түзгөн» деген айыптын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга кескен. Ошол эле жылдын октябрь айында Бишкек шаардык соту өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 млн. 300 миң сом айыпка жыгуу менен эркиндикке коё берген. Жогорку сот 30-октябрда шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, Алмаматовду түрмөгө кесүү боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Буга байланыштуу ИИМ ага Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. Ага чейин Алмаматов чет өлкөгө чыгып кеткени кабарланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 млрд. 424 млн. 379 миң сомго жетти.

Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 410у «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу» жана 35и «Коррупция» беренелери менен ачылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG