Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Мамкаттоо: Кыргызстандын жарандары үчүн былтыр 825,5 миң паспорт даярдалган


Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун жаңы дизайны.
Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун жаңы дизайны.

Мамлекеттик катоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 2020-жылы 825 528 даана паспорт даярдап, ээлерине тапшырган. Мунун ичинде ички, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломаттык паспорттор бар.

2018-жылы 916 миң паспорт жасалса, 2019-жылы 950 миңден ашуун паспорт даярдалган.

2017-жылдын май айынан бери 1,95 млн. биометрикалык ID-паспорт даярдалган. Миллионунчу биометрикалык паспорт 2019-жылы 14-январда ээсине тапшырылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тартып берилерин маалымдап келет. Ага ылайык, жаңы паспорттун бир бетине Жарандык авиация боюнча эл аралык ICAO (International Civil Aviation Organization) уюмунун талаптарына жооп берүүчү атайын технология гана көрө ала турган атайын чип орнотулган. Ал чип менен чет өлкөгө виза алуу бир топ жеңилдейт.

Биометрикалык паспорттун бланктарын Кыргызстанга германиялык «Мүлбауэр» («Mühlbauer ID Services GmbH») компаниясы даярдап берет. Мамлекеттик каттоо кызматы бул ишкана менен ушул жылдын 29-майында келишим түзгөн. Электрондук паспортторду даярдоо боюнча түзүлгөн үч жылдык келишимге ылайык, «Мүлбауэр» 1,5 миллион бланк чыгарышы зарыл. Ишкана бул кызматы үчүн 655 миллион 645 миң сом сунуш кылган.

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдумунда 200 миңден ашуун шайлоочу биометрикалык маалыматы жок болгондуктан добуш бере албай калганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG