Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

«Бир дүйнө - Кыргызстан»: БШК реформаланышы зарыл


Сүрөттө: Талас шаарындагы шайлоо участогунда сууктан иштебей калган үкөк. 10-январь, 2021-жыл.
Сүрөттө: Талас шаарындагы шайлоо участогунда сууктан иштебей калган үкөк. 10-январь, 2021-жыл.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюму 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоодон жана мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдумдан кийин Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) реформалоону сунуш кылды. Уюмдун өз порталына жарыялаганына караганда, БШК шайлоо жана референдум өткөрүүдө эл аралык тажрыйбаларга таянышы керек. Мындан тышкары БШКнын курамына парламенттик оппозициянын өкүлдөрү шайланышы, ал эми БШКнын төрагасы ар бир шайлоо өткөн соң алмашуусу зарыл.

Коомдук уюм БШКнын курамынан тышкары техникалык өз алдынча көзөмөл жүргүзүү, анын ичинде добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдү, биометрикалык маалыматтарды аныктоочу техниканы текшерүү зарыл экенин белгилеген. «Бир дүйнө - Кыргызстан» шайлоонун же референдум жыйынтыктарын коомчулукка расмий тааныштыруучу коомдук телеканалдарды реформалоону да эртерээк жыйынтыктоону сунуш кылган.

Уюм реформа учурунда гендердик, социалдык теңчиликти сактоо, комиссиянын курамына аялдар менен мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды да тартуу зарыл экенин белгилеген.

Укук коргоо уюму БШКны «шайлоо өнөктүгү учурунда статистикалык орган сыяктуу арыздарды каттап, күч органдарына өткөрүп берүү менен гана чектелди» деп сындоодо.

БШК өз кезегинде мындай сын менен макул эмес. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 10-январдагы шайлоонун алдында алгачкы жолу БШК прокуратура жана ИИМ менен чогуу атайын арыз-дооматтарга ыкчам аракеттенүүчү топ түзгөнүн, бардык берилген арыз-дооматтар мыйзам чегинде өз учурунда каралганын билдирген.

БШК 18-январда билдиргендей, сегиз шайлоо участогунда президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгы жараксыз деп табылды.

Кыргызстандын БШКсынын азыркы төрайымы - Нуржан Шайлдабекова. Ал Боршайкомду 2016-жылдан бери жетектеп келе жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG