Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

19-январда тоолуу аймактарда кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6 градус суук болот.

19-январда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 9…11° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG