Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:27

Нур-Султанда көп балалуу энелер акцияга чыгышты


Казакстандын борбору Нур-Султанда көп балалуу энелер Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдына акцияга чыгышты. Аялдар парламент өткөн жылы биринчи окууда кабыл алган “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы туруу” жөнүндө мыйзам долбоорунун айрым нормаларына каршылык билдиришти.

Чогулгандардын айтымында, документте көп балалуу үй-бүлөлөр аткара албаган бир катар талаптар камтылган. Мисалы, балдарга “экономикалык ыдык” көрсөтпөө үчүн ар бир баланын үйдө өз орду болушу керек.

Бирок батирлеп жүргөн көп балалууларга андай талапты аткаруу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу акцияга чыккандар мыйзамдын авторлорунан түшүндүрмө талап кылышты. Акциянын катышуучуларына бийликтен эч ким жолуккан жок. Былтыр сентябрда парламент кабыл алган мыйзам долбооруна активисттер да "чийки" деп каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG