Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ошто музыкалык окуу жайынын жамааты жетекчини сынактын негизинде дайындоону талап кылууда


Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайынын жамааты ырчы Самара Каримова менен жолугушкан учур. 14-январь, 2021-жыл.
Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайынын жамааты ырчы Самара Каримова менен жолугушкан учур. 14-январь, 2021-жыл.

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты жетекчини атайын сынактын негизинде тандап, дайындоону талап кылууда.

Бул тууралуу мекеменин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Райхан Самидинова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жамаат ырчы Самара Каримованы жетекчилик кызматка татыктуу деп эсептебейт жана аны кабыл алгысы келбейт.

Мугалимдер Каримованын окуу жайына директор болууга умтулган аракеттерин сындап, андан башка музыкалык билими бар, кесипкөй адисти дайындап берүүнү тиешелүү жетекчилерден суранып жатышат.

Каримова менен жамааттын тиреши 14-январдан бери уланууда.

Бүгүн ырчы социалдык тармактардагы баракчаларына мурдагы директор Нурлан Каримов жана орун басары менен чогуу түшкөн видеону жүктөдү. Анда мурдагы директор окуу жайынын документтерин толугу менен мыйзам чегинде өткөрүп бергенин айтты.

Нурлан Каримов видеодо Самара Каримовага каршылыгы жок экенин, ийгилик каалай турганын жана бул окуяга байланышкан чыр-чатакка аралашкысы келбегенин билдирген.

Ага чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи май райондук сотунун Каримовага байланышкан чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын кабарлаган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак чыгып, ага милиция аралашкан.

18-январь күнү кечки саат жети-сегиздер чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө киргенине «Азаттыктын» кабарчысы күбө болгон. (NT/DU)

XS
SM
MD
LG