Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Самара Каримовага байланыштуу сот чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек


Самара Каримованын «Акшоола» сериалындагы образы. Тасма КТРКда көрсөтүлгөн.
Самара Каримованын «Акшоола» сериалындагы образы. Тасма КТРКда көрсөтүлгөн.

Ырчы жана актриса Самара Каримованын Оштогу музыкалык окуу жайынын директорлук кызматына кайтуу тууралуу сот чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Азаттыкка» билдиргендей, Каримованын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карата жазган арызы 2020-жылдын 17-декабрында канааттандырылган. Мыйзам боюнча, эгер апелляциялык арыз жазылбаса, чечим 30 күндө күчүнө кирмек. Бирок 15-январда министрлик Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазгандыктан, райсоттун чечими азырынча мыйзамдуу күчүндө эмес.

Самара Каримова өз укугун коргоо үчүн Жогорку сотко чейин кайрыларын, азырынча акыркы окуялар тууралуу комментарий берүүнү туура эмес деп эсептей турганын айтты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак чыгып, ага милиция аралашкан.

18-январь күнү кечинде окуу жайына Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө кирген.

Буга чейин Ош шаардык милициясы Каримова мугалимдер жамаатына каршы арыз жазганын билдирген. Арыз Жоруктар кодексинин 167-беренесинин («Сот чечимин аткарбоо») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганы айтылган.

27 жаштагы Самара Каримова 2017-жылы «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын-пикирине кабылган. Ошондон кийин ал кызматтан баш тартканын жарыялаган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG