Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Алексей Навальный Москвадагы «Матросская тишина» тергөө абагына киргизилди


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Москвадагы «Матросская тишина» деп аталган тергөө абагына камакка алынды. Чет өлкөдөн келгенине байланыштуу 14 күндүк карантин алкагында үч кишилик камерада саясатчы жалгыз кармалат. Бул тууралуу Навальныйга жолугуп чыккан Москванын Коомдук байкоочу кеңешинин катчысы Алексей Мельников билдирди. Анын айтымында, камерада муздаткыч, телевизор жана башка алгачкы керектелчү шарттар бар.

Жолугушуу учурунда оппозиционер тарапкерлерине ыраазылык билдирип, басымга кабылбаганын айткан.

Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш буга чейин бир нече жолу камакка алынган саясатчы алгач ирет узак мөөнөттө тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Ярмыш “Бул жакта таптакыр башка шарт, аны менен байланышуу мүмкүн эмес”,-деп “Твиттерге” жазды.

Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага учуп келери менен “Шереметьево” аэропортунда кармалды. Ал былтыр августтагы ууландыруудан соң Германияда дарыланып жаткан. 18-январда Москванын четинде Химки шаарынын полициясынын имаратында анын бөгөт чарасын караган жараян өтүп, 15-февралга чейин камакка алынды.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган. Бул иш боюнча сот жараяны 2-февралга башталганы жатат.

44 жаштагы Алексей Навальный орус бийлигинин элдешкис сынчыларынын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин коррупциялык иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, президент Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келген. 2020-жылдын августундагы өзүн ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын ачыкка чыгарган болчу.

Навальныйдын мекенинде камакка алынышын бир катар өлкөлөрдүн бийлиги сынга алып, аны бошотууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG