Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:46

Самара Каримова окуу жайынын мугалимдерине каршы милицияга арызданды


Музыкалык окуу жайында Самара Каримова катышкан жыйын. 14-январь, 2021-жыл, Ош.
Музыкалык окуу жайында Самара Каримова катышкан жыйын. 14-январь, 2021-жыл, Ош.

Оштогу Ниязалы Борошов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун кызмат ордун соттон утуп алган ырчы Самара Каримова мугалимдер жамаатына каршы милицияга арызданды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» маалымдады.

Сыдыковдун айтымында, Каримованын арызы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 167-беренесинин («Сот чечимин аткарбоо») негизинде катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы окуу жайында 93 киши иштейт, 229 студент окуйт. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бул музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген эле. Ырчы министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда ырчы окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы келип жамаатка жаңы жетекчи катары тааныштырган болчу. (TSh/MrA)

XS
SM
MD
LG