Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Помпео: Кытай Шинжаңда геноцид кылууда


Шинжаңдагы лагерь деп айтылган жай.

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайды уйгур жана башка мусулман азчылыктарына карата «геноцид жана адамзатка каршы кылмыш» кылууда деп айыптады. Кызматтык мөөнөтү соңуна чыгып бараткан башкы дипломат тараткан билдирүүдө Кытайдын Коммунисттик партиясынын «жетекчилиги жана көзөмөлү» астында «бул геноцид уланып жатат жана биз уйгурларды жок кылуу аракети токтобой жатканына күбө болуудабыз» деп айтылат. Помпеонун кайрылуусу шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясына бир күн калганда, 19-январда жарыяланды.

Мындай билдирүү расмий Бээжиндин катуу реакциясын жаратары калетсиз, бирок кытай тарап азырынча жооп кайтара элек. Кытай бийлиги буга чейин уйгурлар баштаган мусулман азчылыктары тууралуу эл аралык коомчулуктун дооматтарын кескин четке кагып келген.

Помпео бардык эл аралык уюмдарды, анын ичинде эл аралык сотторду Кытайдын уйгурларга жасаган мамилеси тууралуу иштерди иликтеп, талдоого чакырды. Ошондой эле Вашингтон мындан ары да Бээжинге Шинжаңдагы саясатын өзгөртүшү үчүн басым-кысымды улантарына ишенерин айтты.

Байден мамлекеттик катчылык кызматка талапкерлигин көрсөткөн Энтони Блинкен 19-январда Сенатта талапкерлиги каралып жатканда Помпео берген баага кошула турганын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңда кеминде бир миллиондой уйгур баштаган мусулман азчылыктарынын өкүлдөрү күчтөп лагерлерде кармалып турат. Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизм менен терроризмге каршы күрөштүн алкагында «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары мүнөздөп, куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Былтыр АКШ Кытайдын мындай саясатынан улам бир катар санкцияларды салган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG