Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

ИИМ: Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча катталган фактылар тогуз миңден ашты


Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.
Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

Кыргызстанда 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча катталган фактылар 9025ке жетти. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин 20-январдагы сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, айтылган фактылардын 947си боюнча кылмыш иши козголуп, сотко жиберилген.

Бул көрсөткүч бир ай ичинде зомбулук боюнча 680ден ашык факты катталды дегенди түшүндүрөт.

Буга чейин укук коргоо органдары 2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталганын жарыялаган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Үй-бүлөдө аялдардын зомбулукка кабылышы - Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. Былтыр июнда Сузакта күйөөсү аялынын колун артка таңып, мойнуна дөңгөлөк асып, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы тартылган видео тараган. Андан кийин бир нече аял зомбулуктан көз жумганы расмий кабарланган.

Буга чейин жергиликтүү укук коргоочулар коронавирус пандемиясында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG