Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Кылмыштуу топтун «Карышкыр» аттуу мүчөсү кармалды


Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тапшырмасы менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деген Мурсалым Умырзаков кармалганын билдирди.

ИИМ Умырзаков Жаза аткаруу кызматынын Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иш боюнча кармалганын билдирди. Учурда шектүү мекеменин Тергөө кызматына жеткирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Милиция буга чейин Мурсалым Умырзаков кылмыш дүйнөсүндө «Карышкыр» деген каймана ат менен белгилүү, криминалдык топтун таасирдүү мүчөсү экенин маалымдаган. 2018-жылдагы акыркы маалыматка таянсак Мурсалым Умырзаков Орусияда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөнүнө байланыштуу үч жылга соттолгон. Ал жаза мөөнөтүн өтөп келгенден кийин Кыргызстанга депортация болгон. ИИМ ошол кезде анын кылмыш чөйрөсүндө «Мыйзамдагы ууру» статусу бар экенин билдирген.

2010-жылы Мурсалым Өмүрзаков талап-тоноо, каракчылык фактысы боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунда соттолгон. 2012-жылдын декабрында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG