Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

БШК: Референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну тандады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) расмий жыйынтыгынын протоколун бекитти.

Анда 1 млн. 136 миң 155 шайлоочу (81,49%) «президенттик республика» башкаруу системасына добуш берген. «Парламенттик республика» вариантын колдогондордун саны – 152 081 (10,91%) болду. «Баарына каршы» 62 265 (4,47%) жаран добуш берди.

Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 37-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамдын 7-18-беренелерине ылайык, БШК Кыргызстан башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды.

10-январда шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында Садыр Жапаров азыркы Баш мыйзам референдум аркылуу өзгөртүлмөйүнчө иштеп турарын билдирген. Анын айтымында, референдум июнь айына чейин өтөт. Азыркы Баш мыйзамда бийлик парламент жана президенттин колунда экени жазылган.

БШК «Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоосунун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду да бекитти. Башкача айтканда добуш берүүнүн расмий жыйынтыктыгын чыгарды. Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти.

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда болорун президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG