Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Коопсуздук кеңешине пандемия боюнча комиссиянын корутундусу сунушталды


Өкмөттүн жыйыны. 2021-жыл, 20-январь.
Өкмөттүн жыйыны. 2021-жыл, 20-январь.

Коронавирус пандемиясы күчөп турган кездеги жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссиясынын корунтундусун Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды. Бул демилге кыргыз өкмөтүнүн 20-январда өткөн жыйынында көтөрүлгөнүн анын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мекеме аралык жумушчу комиссиянын иши тууралуу маалымат укту. Комиссиянын жыйынтыгында COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар, коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбаганы, ошондой эле гуманитардык жардамды эсепке алуу, бөлүштүрүү жана отчёт берүү боюнча кемчиликтер аталды. Өкмөттүн ошол кездеги даярдыгына да баа берилди.

Өткөн жылдын 6-октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген жетекчилер коронавируска каршы күрөштөгү өкмөттүн даярдыгы, жоопкерчилиги боюнча текшерүүлөрдү күчөттү. Мекеме аралык комиссия түзүлүп, иш жүргүзүүдө. Мындан сырткары бул ишти Финансы полициясы да иликтеп, мурдагы өкмөт жетекчилерин суракка чакырган болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG