Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Байдендин ант берүү аземине Трамп катышкан жок


Кызматтан кетип жаткан президент Дональд Трамп жубайы Мелания менен. 2021-жылдын 20-январы.
Кызматтан кетип жаткан президент Дональд Трамп жубайы Мелания менен. 2021-жылдын 20-январы.

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда жергиликтүү (Вашингтондогу) убакыт боюнча саат 12.00дө Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант бермекчи. Муну менен 78 жаштагы карыя саясатчы өлкөнүн тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы болуп калат.

Акыркы 152 жылдын ичинде биринчи жолу өлкөнүн кызматтан кетип жаткан президенти ант берүү аземине катышпайт. Инаугурация аземине мурдагы президенттер Жорж Буш, Билл Клинтон жана Барак Обама катышмакчы. Ал эми 96 жаштагы Жимми Картер аземге катыша албай турганын мурда билдирген.

Трамп жергиликтүү убакыт боюнча 08.15те Ак Үйдөн чыгып, тик учак менен Эндрюс аба базасына барды. Ал жерден үй-бүлөсүнө жана санаалаштарына кайрылып: «Сиздердин президентиңиздер болгонума абдан сыймыктанам. Рахмат», - деп айтты.

Өз администрациясынын жетишкендиктери катары Трамп армияны «кайра куруу», салыктарды азайтуу, согуш ардагерлерин камсыз кылуу, Жогорку соттун үч мүчөсүн дайындоо, коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу чараларын эскерди.

«Мен ар дайым сиздер үчүн күрөшөм, жакындан байкап турам жана сиздерге кулак салам», – деди Трамп.

Андан кийин ал жубайы Мелания жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен президенттик учакка отуруп, Флорида штатына учуп кетти.

Ал эми вице-президент, республикачы Майк Пенс бир катар партиялаш конгрессмендер менен бирге демократ Жо Байдендин президент катары ант берүү жана кызматка киришүү аземине катышмакчы.

Жаңы вице-президент, 56 жаштагы Камала Харрис да ант бергенде бул кызматтагы биринчи аял жана ак расанын өкүлү болбогон алгачкы саясатчы катары өлкө тарыхына кирип калмакчы.

Ант берүү аземин утурлай Вашингтондо жана штаттардын борборлорунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул ирет адаттагыдай Капитолийдин жанына жүз миңдеген киши чогулбайт. 6-январда Трамптын тарапташтары нааразылык митингин өткөрө баштап, андан соң жаалданган топ Конгресстин жыйыны учурунда Капитолийге күч менен кирип барган. Бирок ал окуяга чейин эле инаугурация аземи пандемияга байланыштуу чектелген форматта өтөрү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG