Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Роухани Байденди өзөктүк келишимге кайтууга үндөдү


Хасан Роухани. Архивдик сүрөт.
Хасан Роухани. Архивдик сүрөт.

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын шайланган президенти Жо Байденди Тегеран менен дүйнөлүк державалар түзгөн келишимге кайтууга жана санкцияларды алып салууга үндөдү.

«Топ азыр АКШ тарабында. Вашингтон Ирандын 2015-жылкы өзөктүк келишимине кайтса, биз да документте каралган милдеттенмелерибизди толук аткарабыз», - деп айтты Роухани министрлер кабинетинин жыйынында.

Сөз болгон келишимге кол коюлганда Байден вице-президент болуп турган.

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы мамилелер 2018-жылы, президент Дональд Трамп макулдашуудан чыгып кеткенден кийин курчуган. Трамп ал документке Иранга байланышкан башка көптөгөн маселелер камтылбай калганын билдирген.

Роухани Трамптын кызматтан кетип жатканын кубаттап, аны «зулум» деп атады.

«Зулумдун доору соңуна келди. Бүгүн анын коркунучтуу башкаруусунун акыркы күнү... Анын Иранга кысым көргөзүү саясаты майнапсыз болду», – деп айтты Ирандын президенти.

XS
SM
MD
LG