Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Дарыгер Талант Өмүрбеков пневмония менен ооруканага түштү, абалы оор


Талант Өмүрбеков.

Бишкектеги №3 балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын мурдагы башкы дарыгери Талант Өмүрбеков коронавирус жугузуп алгандан кийин эки өпкөсү тең кагынып 19-январда ооруканага түштү.

Азыр ал Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев "Азаттыкка" билдирди.

"Өмүрбековго коронавирус козгогон эки тараптуу пневмония деген диагноз койдук. Оор абалда келген. Азыр абалы бир аз турукташып калды десек болот, бирок оор. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат".

Медицина илимдеринин доктору, профессор жана балдар хирургу Талант Өмүрбеков Кыргызстандагы күчтүү дарыгер катары таанымал.


Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG