Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Курсан Асановдун арызы менен Оштогу үч тилкеде добуштар кайра саналат


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ош шаарындагы № 5319, 5320, 5559 тилкелердеги добуштарды кайра санайт. Мындай чечим БШКнын 20-январдагы жыйынында кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ал тилкелерде добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу президенттикке талапкерлигин койгон Курсан Асанов арыз жазган.

БШКнын маалыматына караганда, Асанов өзү үчүн добуш берген кишилердин аты-жөнүн көрсөтүп, бирок алардын саны аталган тилкелердеги добуштарга дал келбей жатканын белгилеген.

Курсан Асанов шайлоонун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров дээрлик 80% добуш менен алдыга чыккан. Расмий жыйынтык азырынча чыгарыла элек. Курсан Асанов 0,49% добуш алганы кабарланган.

Айрым добушканаларда катталган жарандар менен үкөктөгү бюллетендердин саны дал келбегендиктен, 19-январда БШК он чакты шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктарды жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG