Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:19

БШК: Бир катар шайлоо тилкелеринин жыйынтыктары жокко чыгарылды


Бишкек шаарында тартылган сүрөт. 10-январь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурда президентик шайлоо боюнча алты участкалык шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик башкаруунун формасын аныктаган референдумда жети шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 19-январда билдирди.

Токтогулдагы №2238 – шайлоо участогунда каттоодогу шайлоочуларга караганда үкөккө салынган бюллетендердин саны көп экендиги аныкталгандыктан, жыйынтык жараксыз деп табылды.

Тоңдо жана Араванда да ушундай жагдай жаралып, №3234, №5363 шайлоо тилкелеринде имараттын тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ош шаарында да имараттан тышкары добуш берүүдө атайын реестрде көрсөтүлгөн шайлоочуларга караганда добуш берген шайлоочулардын саны көбөйүп кеткен. Мындан улам төрт участокто - №5295, 5308, 5327, 5329 добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

Имараттан тышкары добуш берүүдө (кыдырма үкөктөр менен) коомдук байкоочулардан түшкөн арыздар менен даттануулардын негизинде 6 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды.

БШК аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.

10-январда өткөн президенттик шайлоодо 17 талапкердин арасынан Садыр Жапаров 80% жакын добуш алган. Мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдумда добуш бергендердин 81% көбү президенттик башкарууну жакташкан. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG