Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

«Ош электр» ишканасынын үстүнөн териштирүү башталды


«Ош электр» ишканасынын жооптуу адамдары мамлекеттик бюджетке 30 миллиондон ашык сом зыян келтирген деп шек саналып, сотко чейинки териштирүү башталды. 19-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ушундай маалымат таратты.

Расмий кабарга ылайык, ишкананын жооптуу кызматкерлери Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго (болжол менен 100 миң АКШ доллары) сатышканы аныкталды. Сатылган жерди жалпы аянты - 619,66 чарчы метр.

Финполиция сатуу учурундагы ушул сыяктуу жер тилкесинин орточо баасы 1 сотых үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөнүн эске салып, «Ош электр» мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашуун суммада зыян келтиргенин белгиледи.

«Ош электрдин» басма сөз катчысы Нурильич Токонбаев имарат сатууда мыйзам бузуу болбогонун билдирип, имарат эскиргендиктен мекеме аны сатууга жана жаңы имарат сатып алууга аргасыз болгонун айтты. Анын маалыматы боюнча имарат XX кылымдын баш ченинде курулган, 2012-жылы Мамлекеттик экотехинспекция аны колдонууга жараксыз деп тапкан.

«Эски имаратты сатуудан түшкөн акчага жаңы имаратты сатып алуудагы жана ремонтко кеткен чыгашаларды жабуу каралган. Чечим «Ош электр» ААК директорлор кеңеши менен бекитилген, андан сырткары «Улуттук энергохолдинг» ААКына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна да маалымат берилген. Имарат 2020-жылдын август айында ачык сатыкка коюлуп, 8,9 млн. сомго сатылган. Бул суммага жер тилкеси кирген эмес. Жер «Ош электр» ААКына эмес, жергиликтүү бийликке таандык. Ош шаарынын башкы планына жараша ал жер жашылдандыруу үчүн каралган. Сатуудан түшкөн каражат «Ош электр» ААКын Темир бетон өндүрүмүн чыгаруучу цехи жайгаша турган Ош шаарынан 50 сотых жер тилкесин сатып алууга жумшалды»,- деди Токонбаев.

«Ош электр» ачык акционердик коому - электр энергиясын бөлүштүрүүчү мамлекеттик компания. Ал Ош, Баткен облустарын жана Ош шаарын электр энергиясы менен камсыз кылат. 2001-жылы «Кыргыз энерго» акционердик коому кайра түзүүнүн негизинде «Ош электр» ААК деп аталып калган. (SE)

XS
SM
MD
LG