Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Караколдо православдар чокундуруу майрамын белгиледи


Каракол шаары. 19-январь, 2021-жыл.
Каракол шаары. 19-январь, 2021-жыл.

Каракол шаарындагы православдар бүгүн, 19-январда чокундуруу майрамын белгилеп жатышат.

Шаардагы "Ыйык Троицк" чиркөөсүнүн протоиерейи Сергий Чувичкин майрам Кудайдан ырайым суроо, ага сыйынуу менен башталганын айтты.

Чиркөө кызматкерлери баштаган топ чырым (крест) көтөрүп, Каракол дарыясынын жээгине келип, чокунуу ошол жерде өттү.

Пандемияга байланыштуу быйыл диний жөрөлгө сууга чөмүлүү менен коштолгон жок.

"Сууга чөмүлүү динде каралган эмес, ал жөн гана салт, ошондуктан каалагандар сууга түшсө болот. Бирок быйыл пандемияга байланыштуу атайы суунун жээгин камдаган жокпуз жана сууга түшкүлө деп да айта албайбыз",-деди Сергий Чувичкин.

Рождество менен чокундуруунун ортосундагы мезгил «Святка» деп аталат. Бул күнү христиандар чиркөөдө түнү менен сыйынып, таң эрте чоң сууга түшүп, чайынып келген.

Христиандар ыйык суу бардык күнөөлөрдү жууп кетет деп ишенишет.

Бүгүн дүйнөдөгү бардык православдар чокундуруу майрамын белгилешүүдө. (KS)

XS
SM
MD
LG