Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Карачай-Черкес аймагында ондон ашык адамды кар көчкү басып калды


Орусиянын курамындагы Карачай-Черкес Республикасынын аймагындагы лыжа базасында кар көчкү ондон ашык адамды басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, түшкө маал Домбай курорттук шаарында көчкү түшкөн. Кар базадагы чаңгыны ижарага берчү имаратты басып, кафени талкалады. Учурда кар алдында калгандарды издөө иштери уланып жатат.

Домбай - Түндүк Кавказдагы белгилүү тоо-чаңгы курорту.

XS
SM
MD
LG