Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:44

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоору иштелип бүтө элек


Бекбосун Бөрүбашев.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун биринчи варианты Жогорку Кеңештин кароосуна жибериле элек. Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, долбоор толук иштелип бүтө элек. Талкуу уланууда. Парламентке качан жиберилери азырынча белгисиз.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү.

Негизи, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.

Конституциялык кеңешме 11-декабрда Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын кабарлаган.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда добуш бергендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдоду. Шайлоо менен референдумга шайлоочулардын 39% ашыгы гана келди. Анда президенттикке талапкер болгон 17 кишинин ичинен Садыр Жапаров алдыга чыгып, добуштардын 79% ашыгын алды. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG