Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу текшерилет


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залында. 2020-жылдын 11-ноябры.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залында. 2020-жылдын 11-ноябры.

Кой-Таш окуясына, Кой-Таштагы жер бөлүштүрүүдөгү, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жана Терек кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу 18-январга белгиленген сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Адвокаты ал ооруп жатканына байланыштуу сотко келе албай турганын айтып, Атамбаевдин ишин өзүнчө бөлүп кароону соттон өтүндү. Ал эми Кой-Таш окуясында каза болгон офицердин жакындары анын оорусун иликтөөнү соттон суранышты.

Кеңешмеден келген судья Азирет Медеров адвокаттардын өтүнүчтөрү канааттандырылбай турганын билдирди. Бирок ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлигине мурдагы президенттин ден соолугун иликтөө боюнча кат жиберилерин маалымдады.

Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам мындан мурунку соттук отурумдарга да катышкан эмес. Анын адвокаты Замир Жоошев мурдагы президенттин омурткасынан эки грыжа табылгандыктан, ал көпкө чейин отура албай турганын, ошондой эле жүрөк жана башка оорулардан жабыркап жатканын айтып, соттон Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар - Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, Терек сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.

Быйыл январда адвокаттар Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко өткөнүн билдиришкен. Маалыматка караганда, Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу тууралуу иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында Бишкектеги №47 колонияга которулган.

Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.

Жогорку сот 30-ноябрда Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган. Иш кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Райондук сот ишти кайрадан 10-декабрда кароого киришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG