Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

COVID-19: Бир катар өлкөлөрдө эмдөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөө башталып жатат. Буга чейин вирус көп жайылган Бразилияда 17-январда эмдөө иштери башталды. Бул өлкөдөгү Сан-Паулу шаарындагы реанимацияда иштеген 54 жаштагы медайым вакцина сайдырган алгачкы адам болуп калды. Ал эми СOVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Индияда жапырт эмдөө уланууда. 1,4 миллиард жашаган бул өлкөдө 17-январга карата 224 миңдей адам эмдөөдөн өттү.

Орусияда болсо президент Владимир Путин 18-январдан тартып жапырт вакцинацияны баштоого буйрук берген.

Европадагы өлкөлөрдүн ичинен Францияда 75 жаштан жогору адамдар эмделип жатат. Буга чейин бул өлкөдө вакцинация абдан жай жүрүп жатат деген сын-пикирлер айтылган болчу.

Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 18-январга карата дүйнө дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 95 миллиондон ашса, анын кесепетинен каза болгондор эки миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG