Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:24

Ура-а! “Википедия” 20 жашка толду!


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетиндеги кыргызча "Википедияга" арналган жыйынга катышуучулар. Бишкек. 2011-жылдын 28-марты.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетиндеги кыргызча "Википедияга" арналган жыйынга катышуучулар. Бишкек. 2011-жылдын 28-марты.

Эл аралык, көп тилдеги жана ачык коомдук энциклопедия болгон “Википедия” 15-январда 20 жылдыгын белгиледи. Дүйнө улуттарын бири-бирине илимий-маданий жана маалыматтык өңүттө ширелткен бул айдыңдык ынтымактын арасында кыргызча “Википедия” да бар.



Азыркы тапта “Википедия” тууралуу кабардар болбогон кишилер улам азайып барат. 2001-жылы 15-январда ишкерлер жана агартуучулар Жимми Уэйлс менен Ларри Сэнгер мырзалар дүйнөнүн дээрлик бардык тилдеринде ачык маалымат топтогон интернеттик энциклопедия түзүү долбоорун баштаганда, 20 жыл ичинде дал ушундай мыкты натыйжа берет деп алар ойлошту бекен?

"Wikimania" жыйыны. 2019-жылдын 16-августу.

Алардын көрөгөчтүгү алар сунуштаган негизги усул менен да байланыштуу болду: “Википедиянын” сөздүктүк макалаларын интернет колдоно билген ар ким жаза алат жана оңдой алат. Анын үстүнө, сөздүктүк макалалар сүрөттөр, жадыбалдар, чиймелер жана башка мултимедиялык шилтемелер аркылуу да байытылып келет.

Албетте, дал ушул принцип алгачкы жылдары далай илимпоздорду чочулаткан: алар ал гана түгүл өз шакирттерине “Википедияны” эч колдонбогула, деп аны “мокочо” көрсөткөнгө чейин барышкан.

Кыргызча "Википедиянын" баш барагы. 2011-жылдын 15-январы.
Кыргызча "Википедиянын" баш барагы. 2011-жылдын 15-январы.


Бирок жамааттык акыл-эс мындай коркуулардан өйдө болуп чыкты. Азыр “Википедиянын” негизги дүйнөлүк тилдердеги маалымат кору өзүнүн бейтараптыгы, калыстыгы, илимий деңгээли менен айырмаланат. Алгачкы учурлардагы келегей жана бир беткей жазылган макалалар бара-бара оңдолуп жүрүп отурду.

Википедия” барагынын кожоюну – “Википедия кору” деп аталган соода-сатыкка тийешеси болбогон (кирешеге умтулбаган) америкалык өкмөттүк эмес уюм. “Википедия” сөзү гаваййи тилиндеги “wiki” (“тез”, “ыкчам”) сөзүнөн жана «энциклопедия» сөзүнүн акыркы бөлүгүнөн куралган.

2021-жылдын январына карата бул көп тилдүү жана көп тарамдуу интернет барагы дүйнөдөгү өзгөчө жактырылган 15 интернет барагынын бири болуп саналат. “Экономист” басылмасы аны интернеттеги көп изделгендиги боюнча дүйнөдө 13-орунда турган интернет барагы катары жарыялады.


Бул долбоор – адамзат тарыхындагы өзгөчө толук жана заманбап энциклопедияга айланды, анткени анын айрым тилдердеги өксүктөрү башка тилдердеги мол маалыматтар менен толукталат жана сөздүктүк макаланы бир тилден башка тилдерге которуу иш-аракети ыкчам жүзөгө ашырылат.

“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшүнүн жадыбалы. Түзгөн – Т.Чоротегин. 28.3.2011.
“Википедиянын” ар кыл тилдерде өнүгүшүнүн жадыбалы. Түзгөн – Т.Чоротегин. 28.3.2011.


Учурда “Википедия” дүйнөдөгү 300дөн ашуун тилде иштеп жатат. Дагы 490дон ашуун тилде анын “бешикке бөлөнгөн” башаттык варианты бар.

Англис тилиндеги макалалар “викилердин” эң ири варианты болуп саналат. Анда 15-январдын кечине карата 6,230,014 сөздүктүк макала бар.


Жалпысынан, “Википедияда” 55 миллиондон ашуун сөздүктүк макала бар. Ар айда бул энциклопедияны 1,7 миллиард өзгөчө окурман окуп турат.

Дагы бир жагдай: азыркы тапта кээ бир тоталитардык жана авторитардык мамлекеттерде “Википедияны” окууга тыюу салынган, ошого карабастан бул өлкөлөрдө анын бейтарап маалыматттарын жашыруун окууга аракет кылгандар улам көбөйүүдө.

“Википедиянын” азыркы ийгилиги адамзаттын ыктырдуу (ашарчыл) мээнетинин мөмөсү болуп калды. Бул ачык энциклопедияга салым кошкондугу үчүн эч ыктыярчы маяна албайт.


Кыргызча “Википедия” – калыс, бейтарап, мол жана мозаикалуу маалыматтын бекер, ачык, улам толукталып жана оңдолуп турган казынасы. Анын энциклопедиялык маалыматын эне тилибизде колдонуу мүмкүнчүлүгү артса, жаш муундардын эне тилдин интернет аркылуу таркатылган байлыгына да кадырлоо сезими артат, аны өздөштүрүү үчүн тынымсыз аракети күчөйт.

Эгерде кыргызча ачык энциклопедиядан кандайдыр бир ката таба алсаңыз, анда ал өксүктү оңдоо шыбагасына өзүңүз да ээ экендигиңизди эстен чыгарбаңыз.

Албетте, бул ачык энциклопедия кыргыз тилинде саал кечирээк башталган. 2010-жылы кыргызча “Википедияда” миңге жетпеген сөздүктүк макала бар болчу, азыр анын саны 80,711 сөздүктүк макаланы түзөт (кыргызча “Вики” дүйнө тилдеринин ичинен 77-орунда турат).

Кыргызча “Википедиянын” баш барагы. 2021-жылдын 15-январы.
Кыргызча “Википедиянын” баш барагы. 2021-жылдын 15-январы.


Албетте, бул дагы кыргыз айдыңдары үчүн эч кандай мактаныч эмес. Анткени калк саны миллиондон саал ашкан эстондордун эне тилдеги “Викиси” 46-орунда турат жана анда 215,162 сөздүктүк макала жайгаштырылган.


2014-жылы Польшанын Слубице шаарында “Википедияга” арналган атайын айкел да тургузулган.

Балким, быйыл кыргызча “Википедияны” 100 миңден ашкан сөздүктүк макаланы эне тилде жарыялай алган элдердин “Викилеринин” катарына чыгара алаарбыз? Андай саал алдыга суурулуп чыккан элдердин арасында татар, казак, азербайжан, өзбек жана тажик тилдеринде сүйлөгөн калктар да бар.


Бул – жөн гана кургак сандык көрсөткүчкө умтулган атаандашуу эмес. Анын артында онлайн сабак окуп жаткан жана интернет аркылуу кошумча окуу каражаттарына ээ болуу зарылчылыгы бар жаш муундарга карата эне тилде интернеттик заманбап маалымат кампасын сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылчу ата-энелик камкорлук, улуу муундун айдыңдык, агартуучулук мээрими да бар.

XS
SM
MD
LG